Сутка ичинде 1233 адамдан коронавирус аныкталып, 8 бейтап көз жумду

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Өлкөдө 6-июлга караган суткада COVID-19 жана пневмония оорусу 1233 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

  • Бишкек — 789;
  • Ош — 44;
  • Чүй облусу – 139;
  • Ош облусу — 32;
  • Талас облусу — 9;
  • Нарын облусу — 13;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу — 89.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 133 миң 303кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 8 адам каза болду.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирустан Бишкекте төрт, Ысык-Көлдө үч жана Баткен облусунда бир адам каза болгон.

Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 2 миң 54кө жетти.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.