Садыр Жапаров: Орхан Инандыны кайтарып алуу боюнча маселе көтөрдүк

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында «Орхан Инанды Улуттук коопсуздук кызматынын жардамы менен Түркияга алып келинди»,- деп билдирген.

Ал эми бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доганды чакырып, нота тапшырып, Инандыны кайтарып берүүнү талап кылды..

Президент Садыр Жапаров 24.кжге бул боюнча интервью берип, Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматы аркылуу уурдалганы боюнча төмөнкүлөрдү айтты.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында Орхан Инандынын жоголгону жөнүндө кабар тарар замат, мен дароо укук коргоо органдарынын башчыларын чогулттум, аны билесиздер. Мен аны тез арада табуу үчүн бардык күч-аракетти жумшап, чек араларды тыкыр көзөмөлдөп турууну тапшырдым. Ошол эле күнү ал жөнүндө толук маалымат алдым. Аны уурдоого 2016-жылдан бери үч жолу аракет болгон экен. Үчүнчү аракет кыш мезгилинде болгон, анда УКМКнын кызматкерлери аны сактап калышкан. Бул жөнүндө Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү билген. Андан кийин Камчыбек Кыдыршаевич (Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы) Орхан Инандыга жалгыз жүрбө, ар дайым жан сакчыларынын коштоосунда бол деп эскерткен экен. Бирок алар буга көңүл бурушпаптыр»,- деди ал.

Ал журналисттин «эми Кыргыз тарап түрк тарапка талаптарды коебу?» деген суроосуна: «Албетте, коебуз! Мен дароо тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге элчини чакыртып, ага нотасын жеткирүүнү тапшырдым. Нота бүгүн тапшырылды«,- деп жооп берди.

Анын айтымында, Кыргызстан түрк тараптан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кылат. «Бул маселени биз түрк тарапка көтөрүп чыктык жана Орхан Инандынын кайтарылып берилишин талап кылабыз. Бирок азырынча түрк тараптан расмий жооп боло элек. Алар Орхан Инанды алардын жараны экендигин, анын Түркиянын жарандыгынан чыкпагандыгын оозеки билдиришкен. Биз Түркиядан расмий жооп күтүшүбүз керек»,— деди ал.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.