Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчиси менен жолугушуу өтүп жатат

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган бүгүн, 6-июлда Тышкы иштер министрлигине барды. Маалыматка ылайык, элчи менен тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолугуп жатат.

Министрликке элчинин чакырылышы Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан кармалып, Түркиянын аймагына жеткирилгени менен байланыштуу.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Түрк президенти Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү» деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын «сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде» ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Булак: Serep.media

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.