Министрлик Түркиянын элчисине нота тапшырып, Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылды

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган 6-июлда Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркиянын элчисине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны колго түшүрүү жана Түркия Республикасына жеткирүү боюнча түрк тараптын операциясына байланыштуу нота тапшырылды.

«Кыргыз тарап Эл аралык укуктун негизги принциптерин жана ченемдерин одоно бузганын белгиледи. Аны менен катар Орхан Инандыны Кыргыз Республикасына кайтарып берүүгө жана ага туура мамилени камсыз кылуу жана ага каршы зомбулук жана кадыр-баркты басмырлаган иш-аракеттерди эл аралык укуктун ченемдерине ылайык колдонбоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды»,- деп айтылат маалыматта. 

Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны катары таанылганын билдирип, түрк тарап Кыргызстанга атайын операция тууралуу билдирбегенин айткан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.