Эрдоган Орхан Инандынын Түркияга жеткирилгенин билдирди

 

 

Бишкек, 08.06.2021 Sokol.media

Орхан Инандыны Түркияга алып келишкенин түрк маалымат каражаттары 5-июлда президент Режеп Тайып Эрдоганга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

 TRT Haber гезити жазгандай, бул тууралуу Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунан кийин айтты.

Анын айтымында, «ФЕТОнун жогорку лидерлери деп аталган адамдардын бири» кармалып, Түркияга жеткирилген. Операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөн.

«ФЕТОнун Борбор Азиядагы башкы директору Орхан Инанды биздин өлкөгө алынып келип, сот жообуна тартылды» деди Эрдоган.

Ал өз сөзүндө мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган,кан төгүп, материалдык жана моралдык зыян келтирген эч кандай структуранын болушуна жол бербей турганын белгиледи. Ал кошумчалагандай, ушул күнгө чейин Түркияга көптөгөн өлкөлөрдөн 100дөн ашуун адам жеткирилген.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.