Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 3-август күнү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал «Кыргызстан жакында көрүшөбүз. 3-август», — деп жазып, өзүнүн лигасынын видеосун жүктөдү.

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга өзүнүн лигасын («Eagle Fighting Promotions») өткөргөнү келери жана ал Ысык-Көлдө өтөрү белгиленди.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп, жеңишке жеткенден кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.