Баткенге элден дээрлик 120 миллион сомдой чогулду

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн эсебине элден 116 миллион сомдон ашык акча түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,5 миллион сомдон көп каражат чогулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

«Ушул кезге чейин бул каражат сарптала элек. Ушул жумада каражатты жумшоо тартиби бекитилет. Ал акча жаңжалда жабыркагандарга жардам берүүгө жумшалат»,-деди Жунушалиев.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте берилди.

Чатакта жабыркаган дагы 67 үй-бүлөгө тарткан зыянына жараша 50 миң сомдон бир миллион сомго чейин акча төлөнүп берилди. Жунушалиевдин маалыматына ылайык, кенемте үчүн жалпысынан бюджеттен 51 миллион сом каралган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө кылмыш иштери козголгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.