Баткен облус башчысы Лейлек районуна иш сапары менен барды

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун Лейлек районунун чек арада жайгашкан айылдарынан кабар алды. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгач облус башчысы А.Алимбаев Лейлек районунун Сада айылына барып,айыл тургундары менен жолугушту.Жолугушуу учурунда ыйгарым укуктуу өкүл айылга эң керектүү делген бала бакча,мечит,айылдын башкы жолун асфальтто иштери жана башка социалдык маселелер жакынкы аралыкта чечилерин айтты.Анан да Сада айылындагы көйгөй жаратып келген электр энергиясынын зымдарын трансформатор менен туташтыруу иштери жөнгө салынды.

Садалыктар менен болгон жолугушууда айылдыктардын быйылкы бүтүрүүчү балдарын жогорку окуу жайларда,чет өлкөлөрдө билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө облус башчысы А.Алимбаев Максат айылындагы жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушу,өрттөлгөн Максат орто мектебинин калыбына келтирүү иш аракеттери жана да жаңыдан Түркиянын колдоосу менен салынган үйдүн курулушунан кабар алды.Учурда Лейлек районунун чек арадагы жабыр тарткан айылдарында чоциалдык обьекттердин жана жаңыдан салынып жаткан үйдүн курулуш иштери жана оңдоп түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Мындан сырткары облус башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында чек арада жайгашкан Арка 1,Арка 2 жана Борбордук айылдарынан да кабар алды.Мындай иш сапарлардын негизги максаты эл арасында жеринде түшүндүрүү иш чараларын уюштуруу,элдин көйгөйүн угуу жана натыйжалуу чечүү саналат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.