«Анын жубайынын жана окуучуларынын алдында уялып жатам», — депутат Орхан Инандынын уурдалышы боюнча

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар өзүнүн жаранын кайтарып келүү аракетин көрүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») билдирди. Сөз «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды тууралуу болуп жатат.

«Мен шок болуп, таң калып жатам. Анын жубайынын жана окуучуларынын алдында уялып да жатам. Ал террористтик уюмда эмес, билим берүү менен алектенген уюмда иштеген. Тышкы иштер министрлиги аркылуу үйүнө кайтарып келүү керек», — деди депутат.

Эске салсак, кечээ, 5-июлда Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат Орхан Инандыны  Түркияга алып келгендигин жар салган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.