«Жердин бермети!» Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөту жарыяланды

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

Россиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн өзүнүн Instagram социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.

«Сүрөттө белгилүү жана эң кооз көлдөрдүн бири Кыргызстандагы Ысык-Көл экенин таанып жатсаңар керек», — деп жазган ал сүрөттүн астына.

Белгилей кетсек, космонавт буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрү жана видеолорун жарыялап келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.