Супермаркеттер шекер менен өсүмдүк майынын бааларын төмөндөтүштү

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media 

«Народный», «Глобус» жана «Фрунзе» ири соода түйүндөрүндө шекердин жана күн карама майынын баалары арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соода түйүндөрү төмөнкү азыктарга бааларды көзөмөлдөөдө:

кумшекер – 62-63 сомдон 55 сомго чейин арзандады
күн карама майынын арзандатылган баасы – литри 15 сомдон 20 сомго чейин болууда.

«Базарларда ар түрдүү баалар байкалууда. Жакынкы күндөрү базарлар, башка соода түйүндөрү жана дүкөндөр монополияга каршы чаралар менен көзөмөлдөнүп баштайт», – деп кошумчалады мамлекеттик агенттик.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.