Сонунбүбү Кадырова: Мага Садыр Жапаровдун табышмактуулугу, чечимди жеке өзү кабыл алганы, жакын, алыс деп бөлбөгөнү жакты

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media 

— Ушул кезге чейин кыргыздын көрө албастыгы мынчалык деңгээлде экенин билбей калп эле таарынып жүрүптүрмүн.

Эл деп турган, эл үчүн жанын азапка салган элдик азаматты көрө албагандарды көрүп алып капа болбой калдым.

Көрсө, бул нерсе адам жаралганда каны менен кошо жаралып келе жаткан айыкпас оору окшойт. Ооба, эл азап тартты.

Көрбөгөн нерсеси калган жок. Жарык издеди. Элди туңгуюктан алып чыгып, өлкөбуздү өнгөн-өскөн элдин катарына кошо ала турган эл уулу чыгар бекен деп саргара жортту.

«Кыйратам, ойротом» дегендин баарын ээрчип, ишенип, шайлап көрдү.
Бирок, элдин эңсегени табылбай жүрүп отурду. Эл тажабай күттү, ар бир сөздү талдап, ар бир жүрөктү тыңшады.

Акыры топтун ичинен Садыр Жапаров суурулуп чыкты. Толубайдын жоор атындай көрүнүп көрүнбөй, сезилип сезилип сезилбей келди.

Туягы таш жарган, алыскы жолдо ноюбаган, башынан күн өтпөгөн аргымак экенин эл байкаганы менен көрө албастар, көкүрөгү сокурлар түрдүү пикирлерди айтып жатышат. Толубай сынчы — эл.

Ал эми Толубайдын көзүн ойгон Хан — бийлик, байлыкка бети менен түшкөн, өз кызыкчылыгынан башканы ойлобогон көр пенделер.

Мага Садыр Жапаровдун табышмактуулугу, чечимди жеке өзү кабыл алганы, жакын, алыс деп бөлбөгөнү жакты.

Жапаров менен мамиле кылган адам, эч убакта,

«жакын болуп калдым, мага ишенет, мен эми каалаганымды жасай берсем болот» — деп ойлобошу керек.

Тескерисинче жакын болгон сайын таза болуш керек.

Эгер андай болбосо Жапаровдун эл деген таза иши, таза ою, эл үчүн оттон-суудан кайтпаган кайраты аны жүдөтүп, чыныгы жүзүн ачып салат. Бул сырды билбегендер эмне болуп кеткенин түшүнбөй калат.
Эгер ушуга чейин жандап жакшылык кылып жүргөн болсо, эң жакшы, элдин тилеги ишке ашышына, элдик уул эл башына келишине салым кошуптур.

Өз оокатын кылып, колунан келген ишин аткарып, өз кесиби менен иштесин. Жаңыланууга салым кошсун. Ал үчүн сөзсүз эле Жапаровдун жанына барып алыштын кереги жок. Эми мурдагы күйөрмандары, колдоочулары такыр бет келип жолукпайттыр.

Бирок, элге келген жакшы күн сөзсүз аларга да келет.
Эл жыргаса кошо жыргайт. Элдин турмушу оңолсо алардын да турмушу оңолот. Муну бөркүндөй билиши керек.
«Мен жакшылык кылганмын, мен минткенмин дештин өзү уят иш». Эгер чындап, чын ниети менен колдогон болсо аягына чейин колдосун. Азыр эч нерсе баштала элек.

Менимче алардын көрүнүктүүлөрүн ичи күйгөн баягы эле байлар, мансапкорлор өздөрүнө тартып биригүүгө аракет кылып, болбогон ушактарды айтып уулантып жатса керек. Алардын чагымын жон териси менен сезип, аларга моюн бербей туруп бериш керек.

«Сабыр» деген сөздү Президентибиз өтө жакшы көрөт. Сабырдууну сыйлайт. Ошол эле учурда өзүндөй сабырдуу адамдарды жанынан көргүсү келет.
Бул анын баскан-турганынан, сүйлөгөн сөзүнөн байкалып турат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.