Россияда бир суткада 24 миңден ашык адам коронавирус менен катталды

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында 24 353 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды. Алар федерациянын 84 аймагынын жашоочулары, деп билдирди өлкөнүн ыкчам штабы.

Пандемия башталгандан бери Россияда жалпы 5 635 294 адам коронавирус менен каттоого алынган.

Эске салсак, Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 1437 адам COVID диагнозу менен каттоого алынды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 132 070 адам коронавирус менен каттоого алынган. Акыркы суткада 9 бейтап көз жумду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.