«Карыз 5,2 млн. сом». Бишкекте 6,1 миң абоненттин жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

«Түндүк электр» ишканасы карызын төлөбөй жүргөн 6,1 миң абоненттин жарыгын эртең, 6-июлдан тарта, өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган абоненттердин карызы 5, 2 млн. сомду түзөт. Жарык «акылдуу эсептегичтердин» жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. «Түндүк электр» абоненттерин карызды төлөөгө чакырат.

Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында «Абоненттин балансы» http://kyr.se.kg/balance деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.

Ошондой эле балансты «Түндүк электрдин» түнү-күнү иштеген 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактоого болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, «БТА банк» төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары жана «Айыл банк», «ДосКредоБанк», «БТА банк», «Кыргызстан» коммерциялык банкы жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.