Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин аскерлеринин колбашчылары менен жолукту

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

Үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгынын өздүк курамы менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министрдин орун басары Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин апрель айынын аяк ченинде Баткен областынын аймагында орун алган кагылышуулар учурунда,Баткен районунун Көк-Таш айылындагы башкы суу бөлүштүрүү курулмасын коргоодогу аскер кызматкерлеринин эрдиктерине токтолуп, күжүрмөн даярдыктын жогору экендигин белгилөө менен ага жогору баа берди. Ошол эле учурда Ички аскерлердин аскер бөлүктөрү коомдук коопсуздукту камсыздоодо да аткарган кызматычоң мааниге ээ экенин белгилей кетти.

“Өлкөдө түзүлгөнжеңил эмес кырдаалга карабастан, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоодо, кылмыштуулукту ооздуктоодо ИИО кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Учурда КР ИИМ жетекчилиги тарабынан Ички аскерлердин өздүк курамынын социалдык абалын, турмуш-тиричиликтик шарттарын жакшыртуу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат”,-деп баса белгиледи Октябрь Урмамбетов.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары Ички аскерлердин өздүк курамына күжүрмөн-кызматтык милдеттерин аткарууда мыкты ийгиликтерди жарата беришин каалап, ал мамлекетибиздин коопсуздугун, тынчтыгын камсыз кылууда зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.