Депутат Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын ачылышына катышты

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын ачылышы өтүп жатат. Ага депутат Алиярбек Абжалиев катышты.

Март айында УКМК Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иши башталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче, Абжалиев экс-президент менен болгон туугандык байланыштарын колдонуу менен мамлекеттик органдардын иштерине кийлигишип, жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыгын коргогон. Андан кийин Абжалиевдин өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. 27-июнда ал Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу келгени маалымдалган. Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин эсебине 20 миллион сом которгон.

Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.