COVID-19: Тажикстанда милдеттүү эмдөө шарты киргизилди

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media 

Тажикстанда 18 жаштан жогору жаштагы жарандар коронавирустан милдеттүү түрдө эмделиши керек. Бул маалыматты өлкөнүн ыкчам штабы таратты.

Маалыматка ылайык, жарандар акысыз эмделет. Чет өлкөдөн Тажикстанга кайткан жарандарга да коронавируска байланыштуу текшерүүдөн өтүү сунушталууда.

24-июнда Дүйшөмбүгө Кытайдан өндүрүлгөн вакцина жеткирилип, 18 жаштан жогорку жарандар массалык түрдө эмделип баштаган. Ал эми 3 ай мурун «AstraZeneca» вакцинасы менен калктын аярлуу катмары, 60 жаштан жогорку жарандар гана эмделген болчу.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.