Бишкектин экс-вице-мэри мыйзамсыз баюунун алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толуктады

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюу ишинин алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толуктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМК бийликтин эң жогорку эшелону болгон адамдар тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдан ашык иштеп, жакын туугандарына жана филиалдарына катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлктүн ээси, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азыгалиев Уланбек Шайлообековичке байланыштуу маалыматтар алынып такталды.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө У.Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.
Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»- деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.