Акыркы суткада 1437 адамдан коронавирус аныкталып, 9 бейтап көз жумду

Бишкек, 05.07.2021 Sokol.media

Бүгүн, 5-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1437 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,

— Бишкек шаарында – 924 адам;

— Чүй облусунда – 142 адам;

— Баткен облусунда – 87 адам;

— Ош облусунда – 85 адам;

— Жалал-Абад облусунда – 78 адам;

— Ош шаарында – 71 адам;

— Ысык-Көл облусунда – 33 адам;

— Талас облусунда – 10 адам;

— Нарын облусунда – 7 адам коронарирус илдетин жугузган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 132 070 адам коронавирус менен каттоого алынган.

Акыркы суткада коронавирустун кесепетинен 9 бейтап көз жумду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.