«Ысык-Көл» аэропорту Алматыдан туристтердин алгачкы тобун тосуп алды

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

«Ысык-Көл» аэропорту Алматыдан туристтик мезгилдин алгачкы каттамын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, каттам бүгүн, 2-июлда, келген. Алматыдан Ысык-Көл облусуна эл аралык авиамаршрутту SCAT авиакомпаниясы жүргүзүүдө.

«Авиакомпания каттамды жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткармакчы», — деп жазылат маалыматта.
Учуу убактысы 40 мүнөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.