XXI кылымдын аягында адамдар 132 жашка чейин жашап калышы мүмкүн

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Америкалык окумуштуулар XXI кылымдын аягында дүйңө жүзүндөгү адамдардын эң жогорку жашоо чеги 125-132 жыл болушу мүмкүн экендигин аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Вашингтон университетинин окумуштуулары статистикалык изилдөө аркылуу 2100-жылга чейин адамдардын жашоосунун максималдуу узактыгын эсептөөгө аракет кылышкан. Ал бир нече параметрлерди камтыган. Мисалы: медицинанын өнүгүшү, генетика жана башка факторлор.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен окумуштуулар XXI кылымдын аягында айрым адамдар 125-132 жашка чейин жашай алышат деген тыянакка келишкен. Алар адамдын 126 жашында өлүү ыктымалдыгы 89 пайызды, ал эми 130 жашта 13 пайызды түзөт деген тыянакка келишкен.

Белгилей кетсек, эң көп жашаган боюнча абсолюттук рекорд 1997-жылы 122 жаш 164 күнүндө каза болгон франциялык Жанна-Луиза Калманга таандык. Ал эми, азыр болсо дүйнөдөгү эң улгайган адам 2021-жылы январда 118 жаш мааракесин белгилеген жапониялык Кейн Танака болуп эсептелет.

Булак:  https://www.super.kg/kabar/news/367701/

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.