Видео- Ошто изделип жаткан 2,5 жаштагы кызды ким ээрчитип кеткен?

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Ош шаарында 2,5 жашар кызды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды.  Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июлда болгон. Милицияга кыздын энеси арыз жазган.

«Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жердеги байкоочу камералардан 35-40 жаш чамасындагы эркек киши наристеге сүйлөп, ээрчитип баратканын көрүшкөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ак-Буура районунун криминалдык милиция кызматкерлери кызды аман-эсеп таап, ата-энесине өткөрүп беришкен. Шектүү 38 жаштагы Алай районунун Ч.А. аттуу тургуну экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси менен («Киши уурдоо») кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кичинекей кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.