Турсунбай Бакир уулу: «Урматтуу Президент, төшүн, көчүгүн ачып жүргөндөргө чара көрүңүз»

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Facebook социалдык тармактын колдонуучусу Кайыргүл Нарматова Кыргызстанда оронуп, бетин чүмкөп жүргөн аялдар көбөйүп кеткенин айтып, Президенттин чара көрүүсүн суранган. Ал мындай билдирүүсүн интернет колдонуучулар терс кабыл алышкан.

Ага улай, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жооп иретинде: “Мен ушул макоо авторго өзүнө жараша жооп берет элем: «Урматтуу Садыр Жапаров, азыр көчүгүн, төшүн ачып жүргөн аялдар көбөйдү – чара көрүңүз» деп жазган. Бакир уулунун пикирин көпчүлүгү колдоп, ыраазычылыгын билдиришкен. Эки ача пикир жаралып, оозго алгыс сөздөр менен бири-бирин сөгүп, урушкандары дагы жок эмес.

Булак: maalymat.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.