Супермаркеттерде кумшекер менен суу май арзандай турганы айтылды

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Экономика менен финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик борбор калаадагы супермаркет менен базарларда кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын турукташтыруу үчүн бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта кумшекер менен суу майга салынуучу кошумча нарк салыгы алынган. Мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу үчүн кабыл алынып, 31-августка чейин иштейт. Буга байланыштуу агенттик тарабынан «Народный», «Глобус», «Фрунзе» сыяктуу ири соода түйүндөрү менен иш жүргүзүп, алар өз кезегинде бааны төмөндөтүү боюнча аракет көрмөкчү: бир килограммы 62-63 сом турган кумшекердин баасын 55 сомго түшүрүү; өсүмдүк майынын түрүнө жараша 15 сомдон 20 сомго чейин түшүрүү. Алдыда аталган агенттик шаардагы базарларды жана башка соода түйүндөрүн да камтый турганы кошумчаланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.