Орусияга барган мигранттар баңги жана ВИЧке текшерилет

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Эми Орусияга барган бардык эмгек мигранттары баңги, ВИЧ жана коркунучтуу инфекцияларга текшерилет. Тийиштүү мыйзамга Орусия президенти Владимир Путин кол койгонун укуктук маалымат порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусияда жашоого, иштөөгө уруксат же эмгек патентин алууну каалаган чет өлкөлүктөр өлкөдө медициналык кароодон өтүшү керек. Тактап айтканда, баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуу, ВИЧ-инфекциясы жана коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча тесттен өтүү керек болот.

«Бардык баңги колдонгон адамдарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынат»,- деп айтылат документте. Роспотребнадзор чет элдик жарандардын же жарандыгы жок адамдардын экзамендеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасынын бирдиктүү реестрин жүргүзөт. «Орусия Федерациясында жашоого уруксат алуу үчүн мигранттар башкаларга коркунуч туудурбаган жана Роспотребнадзор бекиткен тизмеге кирген оорулардын бар-жоктугун текшерип чыгышы керек»,— деп айтылат мыйзамда. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.