Калининграндда мигранттарга таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Орусиянын Калининград облусунун губернатору Антон Алихановдун буйругу менен мигранттарга автобус айдоого, таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды.

Жарлыкка ылайык, мигранттар тарбиячы, наабайчы жана кондитер болуп иштөөгө да укугу жок. Мындан тышкары мигранттарга башкаларды ишке орноштурууга, жумушчу тандоого жана батир берүүгө тыюу салынды.
Губернатордун жарлыгы 3 айдан кийин күчүнө кирип, жыл аягына чейин иштейт.

Облустук бийлик бул пандемия учурундагы чектөөлөргө байланыштуу болгонун, тыюу салынган тармактарда вирус тароо ыктымалдыгы бар деп табылганын билдирди.

Калининград облусунда 1-июлдан тартып эмделбеген туристтерге саякаттоого тыюу салынды. Вируска каршы вакцина албаган кызматкерлер командировкага да чыга алышпайт. Балдар кинотеатр жана соода оюн-зоок борборлоруна ата-энелерисиз бара алышпайт.

Орусия коронавируска чалдыккан жана андан көз жумгандар саны боюнча дүйнөлүк тизмеде алдыңкы орунда турат. Өлкө боюнча илдетке 5,5 млн ашуун киши чалдыгып, 136,5 миңден ашуун адам вирустан көз жумду.

Белгилей кетсек, Орусияда коронавируска каршы «Sputnik V», «Sputnik Light», «Кови-Вак» жана «Вектор» деген вакциналар иштелип чыккан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.