Евро-2020: Италия Бельгияны жеңип, жарым финалга чыкты

ROME, ITALY - JUNE 16: Leonardo Bonucci and Rafael Toloi of Italy celebrate their team's third goal, scored by team mate Ciro Immobile (obscured) during the UEFA Euro 2020 Championship Group A match between Italy and Switzerland at Olimpico Stadium on June 16, 2021 in Rome, Italy. (Photo by Chris Ricco - UEFA/UEFA via Getty Images)

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

Бүгүн, 3-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын алгачкы жуптук оюндары болуп өттү.

Анда Мюнхен шаарында Италия курамасы Бельгия менен беттешип , оюн 2:1 эсебинде италиялыктардын жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалпы 3 голдун баары тең биринчи бөлүктө жаралды. Экинчи бөлүктө Бельгия канчалык ылдам оюн уюштурбасын, эсеп санын өзгөртө алган жок.

Муну менен Италия турнирдин жарым финалына чыкса, фаворит болуп жаткан Бельгия үйүнө кайтууга аргасыз болду.

1/2 финалдык беттеште Италия чейрек финалда Швейцарияны пенальти сериясында жеңген Испания менен ойнойт.

Италия — Бельгия (2:1);

Голдор: Николо Барелла (31-м), Лоренцо Инсинье (44-м), Ромелу Лукаку (45+2-м).

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.