Чехияда каза болгон кыргызстандыкты атып кетишкен, — диаспора

Бишкек, 03.07.2021 Sokol.media

 Кыргызстандын жараны октон жаракат алганын Чехиядагы кыргыз диаспорасы 3-июлда АКИpress агенттигине билдирди.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 1989-жылы туулган С.А. 20-июнда Чехияда каза болгонун билдирген. Бирок окуянын чоо-жайын айтышкан эмес.

Диаспоранын айтымында, Чехиянын полициясы тергөө иштерин жүргүзүп, окуянын күбөлөрүн издеп жатат.

«Адилет октон жарат алган. Түнкү саат үчтөр чамасында анын сөөгүн милициянын кайгуул кызматкерлери табышкан», — деди диаспора өкүлү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.