Журналист Станбек Усупов дүйнө салды

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

Журналист Станбек Усупов 88 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Усупов Станбек Усупович 1934-жылдын 5-майында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында туулган. 1958-жылы Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Станбек Усупович эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер катары баштап, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.

1967–1970-жылдары КПСС БК алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация жактаган.

1971–1974-жылдары – “Ысык-Көл правдасы” гезитинде редактор, 1976-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген. Кийинчерээк, 1976–1986-жылдары – “Кыргызстан коммунисти” журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын) директору болуп иштеген.

2000-жылдан тарта К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетин аткарган.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн 1981-жылы Станбек Усупович “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган, ошондой эле ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган. Станбек Усупов көп жылдар бою СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.