Ыктыярчы: Кызыл зонада иштеген медиктерге тамак-аш жетишсиз болууда

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

Кызыл зонада иштеген медиктерге ыктыярчылар тамак-аш жеткизүүдө. Бул туурасында ыктыярчы жана “Клуб друзей кулинаров” уюмунун жетекчиси Сабира Бокеева билдирди.

“Биз былтыркы жылы да ыктыярчылар менен кызыл зонада иштеген медиктерге жардам көрсөткөнбүз. Быйыл да ошол эле учур кайталанууда. Биз бир нече кафе-ресторандардан жардам сурадык, бирок баары жоопсуз калтырууда. Медиктерге, албетте, ооруканадан тамак берилет, бирок алар даамсыз болгондуктан өз чөнтөгүнөн тез татым тамактарын алууга аргасыз болушат. Мындай тамактануу менен вирусту жеңип болбойт. Биз ыктыярчылар менен бир күн ичинде акча чогултуп, эртеси күнү 300 адамга тамак даярдадык. Баары жардамдашууда, бирок жетишсиз болгондуктан башкаларга кайрылууга аргасызбыз” — деп билдирет Сабира Бокеева.

Ыктыярчылар дарыгерлерге 300дөй адамга ылайык ысык тамак даярдап, аны Республикалык наркологиялык борборго, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жана Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен.

Жакынкы эки-үч күндө топтолгон каражаттарга тамак-аш жеткирүүнү улантарын, бирок каражат жетишпей жатканын айтышат. Мындай маалыматт арсоциалдык тармактарда талкууга алынып, үч ирет тамак менен камсыздап, өзгөчө көңүл буруларын айткан саламаттыкты сактоо министринен эч кандай жардам жоктугун, врачтар кайрадан эле жарандык ыктыярчыларга кайрылуу жасап жатканын айтышты ыктыярчылар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.