Оштогу базарларда коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлөт

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

Ош шаарындагы базарларда коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, 1-июлда вице-мэр Эмил Шадыхановдун катышуусунда жыйын өтүп, анда шаардагы коронавирус боюнча кырдаал талкууланган. Штабда азыркы тапта дарыканаларда дары-дармек жетиштүү экени айтылды.

Шадыханов дары-дармекке болгон бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берип, анын запасы жок дегенде эки айга жеткидей болушу керектигин белгиледи.

«Жакын арада коронавируска каршы вакцинанын 110 миң дозасы келет. Ошондуктан калк арасында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анын үстүнө Кыргызстанда эмдөө акысыз. Базар, кичи базарларда атайын пунктулар ачылат. Ал жактан каалоочулар вакцина ала алышат. Тиешелүү органдардын жетекчилерине бул боюнча тапшырма берилди», — деди вице-мэр.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.