Кыргызстанга ПЦР-тест тапшырган же вакцина алгандар гана кире алат

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

Кыргызстандын аймагына кирген жарандар акыркы 72 саат аралыгында жасалган ПЦР-тесттин анализин же коронавируска каршы вакцина алгандыгы жөнүндө сертификатын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка  ылайык, бүгүнкү күндө төмөнкү мамлекеттерде вакцина алган жарандардын сертификаттары Кыргызстанда таанылат:

Америка Кошмо Штаттары;
Бириккен Араб Эмираттары;
Венгрия;
Германия Федеративдик Республикасы;
Грузия;
Европа Биримдиги (Бельгия, Брюссель шаарындагы Уюмдун медицина кызматы тарабынан берилген сертификат);
Израиль
Казакстан;
Катар;
Корея;
Өзбекстан;
Польша;
Россия Федерациясы;
Румыния;
Сан-Марино;
Сауд Аравия Королдугу;
Түркия;
Улуу Британия;
Франция;
Швейцария Конфедерациясы.

Министрлик башка дагы мамлекеттердин сертификаттары кошулушу мүмкүн болгондуктан тизме өзгөрүп турарын кабарлады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.