«Белгисиз нерсени күтүү өлүмдөн да жаман экен». Орхан Инандынын жубайы президентке кайрылды

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

Дайынсыз болуп изделип жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасады.

Ал президенттен укук коргоо органдарына буга чейин Орхан Инандыны табуу боюнча берген тапшырмасынын жыйынтыгын талап кылуусун өтүнгөн.

“Урматтуу президент Садыр Жапаров! Сизге кайрылууга мажбур болдум. Орхан Инандынын жоголгонуна туура бир ай болду. Ушул убакка чейин анын кайда экени, ден соолугу тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок. Төрт балам менен күнү-түнү кирпик ирмебей, аны күтүп жатабыз. Белгисиз нерсени күтүү өлүмдөн да жаман экен. Ала качуу Кудайга жакпаган жаман нерсе. Сиз Орхан Инандыны табуу боюнча тапшырма бергенсиз. Сиздин тапшырмаңыздын жыйынтыгын талап кылууңузду талап менен күтөм. Бизге жардам бериңиз, балдарымдын атасы аман-эсен үйгө кайтып келсин”, — деди Рейхан Инанды.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме  өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.