Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттар мени «жинди» деген сайын менин авторитетим өсүп жатат

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

 

Депутаттар мени «жинди» деген сайын менин авторитетим өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын 7-каналга маек берип жатып айтты.

«Биз Кыргыз өлкөсүндө жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек, анткени бул жерде баарын айтууга болот. Сөз эркиндиги бар. Президенттен министрге чейин эмне деп гана аташпайт. Депутаттардын бардыгы мага каймана аттарды коюшту. Кечээ эле депутаттар мени «жинди» дешти. Депутаттар мен жөнүндө ушинтип айтканда менин авторитетим өсүп жатат. Анткени эл ойлоп жатат кантип бул жиндини министр кылып койду деп.

А мен 30 жыл бою талкаланган саламаттыкты сактоо тармагында эки айдын ичинде реформа жасадым. Бардыгы таң калышты. Дарыгерлер советтик системага кайтып келдик деп сүйүнүп жатышат. Алар COVID-19дун биринчи толкунунда эмне кылышты билбей калышканын айтышты. Бейтаптар ооруканаларга кире албай калышкан. Эми андай болбойт. Менин командам күн сайын иштеп, башы менен баарына жооп берет», — деди министр.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.