Акыркы суткада 1485 адамдан коронавирус аныкталып, 10 адам көз жумду

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

 Бүгүн, 2-июлга караган суткада Кыргызстанда дагы 1485 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алар:

— Бишкек шаарында 923 адам;

— Чүй облусунда 165 адам;

— Ош облусунда 109 адам;

— Жалал-Абад облусунда 91 адам;

— Баткен облусунда 80 адам;

— Ысык-Көл облусунда 38 адам;

— Ош шаарында 33 адам;

— Нарын облусунда 24 адам;

— Талас облусунда 22 адам.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 диагнозу аныкталган 10 бейтап акыркы суткада көз жумду.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 127 880 адам коронавирус менен катталган.

Соңку суткада коронавирустун кесепетинен 10 бейтап көз жумду.

Каза тапкан бейтаптар:

— Бишкек шаарында — 6,

— Талас облусунда — 1,

— Баткен облусунда — 2,

— Жалал-Абад облусунда — 1.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.