1млн 600миң доллар. Футболчу Криштиану Роналдунун инстаграм баракчасына жарнама жайгаштыруунун баасы айтылды

Бишкек, 02.07.2021 Sokol.media

Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун Инстаграм баракчасы жарнама жайгаштыруу үчүн эң кымбат деп табылды. Бул тууралуу рейтингди түзгөн “Hopper HQ” компаниясына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бир пост үчүн италиялык “Ювентустун” чабуулчусу орто эсеп менен 1 миллион 600 миң доллар киреше табат. Экинчи орунда 250 миллион катталуучусу бар америкалык актёр Дуэйн Жонсондун аккаунту турат. Ал баракчасына бир пост чыгаруу үчүн жарнамачылар ага 1 миллион 52 миң доллар төлөшөт. Эң кымбат Инстаграм колдонуучуларынын үчилтигин америкалык ырчы Ариана Гранде толуктады. Анын профилине жарнама берүү үчүн орто эсеп менен 1 миллион 51 миң доллар талап кылынат.

Эске сала кетсек, Криштиану Роналду “Евро-2020” турниринин алкагында өткөн Португалия курама командасынын маалымат жыйынында турнирге демөөрчү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып салып, жыйынтыгында компаниянын акциялары бир нече пайызга түшүп кеткен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.