«Ысык-Көл» аэропорту 8 жылдан кийин алгачкы жолу Жалал-Абаддан барган учакты кабыл алды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Бүгүн, 1-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 8 жылдан бери биринчи ирет Жалал-Абаддан барган учакты тосуп алды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тeз жет” авиакомпаниясы 91 жүргүнчү, анын ичинен 13 жаш баланы Жалал-Абад — Тамчы каттамында RG 85 учагы менен жеткирди. Кайра кайтууда Тамчы — Жалал-Абад каттамы менен 11 адам учту», — деп айтылат маалыматта.

Компания бул каттамды аптасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.