Видео- Өлкөгө келген автопоезддер ишин Баткенден баштайт

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Кыргызстанга төрт заманбап мобилдик медициналык комплекс (автопоезд) алып келинди. Мында стоматология, гинекология, флюорография жана окулисттин кызматтары көрсөтүлөт.

Автопоезддер Жалал-Абад облустук ооруканасына жана Улуттук госпиталга берилди. Муну менен медиктер өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорунун баарын тейлешет. Алды эртең Баткен облусунун калкынын ден соолугун текшергени жөнөп кетет.

Техниканы тапшыруу аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.Автопоезддер эң алдыңкы заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Төрт техниканын жалпы наркы эки миллион долларды түзөт. Аны Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду «Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында гранттык негизде алып берди.

Долбоордун максаты — алыскы айылдар жана жашоо-шарты катаал аймактын тургундарынын дартын аныктоо жана оорулардын алдын алуу.

Булак: https://sputnik.kg/video/20210701/1053069706/kyrgyzstanga-avtopoezd-alyp-kelindi.html

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.