УКМКнын абагындагы адамды чыгарып беребиз деп акча алган жигиттер кармалды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда окуя ушул жылдын 17-апрелинде болгон. Анда шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн УКМКнын жетекчилигинин ишенимдүү адамдары катары тааныштырып, УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан жакынын чыгарып берүүнү жана анын ишин кыскартып бере ала тургандыгын айтып, 65 миң доллар сурашкан. Андан соң акчаны алып качып кетишкен.

Алданган жаран 22-июнда милиция кайрылган жана бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.

Октябрь РИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты. Алар 1998-жылы туулган Э.И. жана 1997-жылы туулган Ж.Э. экени белгилүү болду. Алардын баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.