Түркиянын коргоо министри Кыргызстандагы иш сапарынан кийин Тажикстанга барды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызcтандагы иш сапарынан соң Тажикстанга барды. Бул тууралуу түрк коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Хулуси Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган. Анда түрк министри Тажикстан Түркиянын Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү экендигин белгилеп, эки өлкөнү тарыхый, маданий жана диний мамилелер байланыштырып тургандыгын эске салган.

Хулуси Акар ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы күрөшүү тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.

Эске салсак, Хулуси Акар Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен 29-30-июнда келген. Анда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.