Кадамжайда химиялык заттарды ташып жүргөн адамдар кармалды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Кадамжай РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана криминалдык милиция кызматкерлеринин алдын ала түшкөн ыкчам маалыматында Өзбек Республикасынын М.П. аттуу жараны Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен мыйзамсыз прекурсор химиялык заттарын өткөрүп жүргөндүгү маалымдалат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинөин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Пульгон айылынын Шар-Шара участкасында “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаадан 28даана 20 литрлик желим идиште өзгөчө жыты бар, химиялык затка окшогон суюктукту Кадамжай районунун Халмион айылынын 40жаштагы К.Б. жана 29 жаштагы И.И. аттуу жарандар Ош шаарына алып бара жаткан жеринен кармалган.

Кадамжай РИИБинин ЭММКАК жана криминалдык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбек Республикасынын 42 жаштагы М.П. аттуу тургуну менен Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Алынган суюктукка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда 682 кг прекурсор заты болуп аныкталды.
Азыркы күндө тергөө иштери бүтүп, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлдү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.