Кыргызстандык 100 студент Өзбекстандын окуу жайларында акысыз окуй алат

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Кыргызстандык 100 студент Өзбекстандын окуу жайларында акысыз окууга мүмкүндүк алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Квота бөлүү боюнча макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн. Квоталар бакалавриат жана магистратура программалары үчүн каралган.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн платформасында каттоодон өтүшү керек. Анкеталарды толтуруп, бардык талап кылынган документтерди 15-июль саат 23.59га чейин жиберүү керек.

Документтерин ийгиликтүү жана өз убагында тапшырган талапкерлер ушул жылдын 17-19-июль күндөрү боло турган алдын ала тандоого катыша алышат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.