Эрдоган жакын арада Тажикстанга барышы мүмкүн

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды.

«Президент Эмомали Рахмон менен маанилүү жана жемиштүү жолугушуу болду», — деди түрк министри маалымат жыйында.

Анын айтымында, жолугушууда Рахмон Тажикстандын жана Борбор Азиянын келечеги тууралуу пикири менен бөлүштү.

Ошондой эле Рахмон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Тажикстанга чакырганы белгилүү болду. Түркиянын министри Режеп Тайып Эрдоган Тажикстанга жакын арада келүүнү пландап жатканын белгиледи. Андан тышкары Хулуси Акар Афганистандагы абал дагы талкууланганын кошумчалады.

Эске салсак, Хулуси Акар 28-июнда Кыргызстанга келген. Кечээ, 30-июнда Садыр Жапаров менен жолугушкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.