Депутат Рыскелди Момбеков суракка чакырылды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн саат 15:00гө Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Депутат «Азаттыкка» бул маалыматты ырастап, сурак Кумтөр ишине байланыштуу болушу мүмкүн дейт.

«Мага кечээ чакыруу берип кетишти. Анда кайсы иш боюнча сурай турганы тууралуу маалымдалган эмес. Менимче Кумтөр ишине байланыштуу окшойт. Анткени буга чейин бул иш боюнча атайын кызматка (УКМК) сурак бергем. Ал эми өткөн жылдын октябрындагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигине сурак бергем»,-деди ал.

Эске салсак, Рыскелди Момбеков Кумтөр ишине байланыштуу бир ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берген эле. Ал Кумтөр алтын кенин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлганда депутат өзгөчө пикир менен чыккан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.