Чүйдө 73 жаштагы апасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Аламүдүн районунда киши өлтүрүү фактысы катталып, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБине Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан аял кишинин жансыз денесине кароо жүргүзүлгөн, денесинен зомбулуктун белгилери аныкталып, анын 73 жаштагы жаран экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБинин жана Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 34 жаштагы баласы кармалды. Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүнүн жашаган жеринен 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.