Беш-Күнгөйгө жеткирип коюуну суранып, айдоочуга кол салган жигит кармалды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүгүнө Беш-Күнгөй айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Ал жерден 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна караган түнү болжол менен саат 01:30 чамаларында белгисиз бирөө анын унаасына отуруп, Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюусун суранган.

Жолдо баратып, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен арыздануучуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, анын телефонун тартып алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Кызматкерлер тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин бири нече жолу соттолгон 1999-жылы туулган С. Д. аттуу жигит кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.