Абактан чыккан инисин муунтуп өлтүргөн деп шектелип эжеси кармалды

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда Ысык-Ата РИИБине Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денени кароо учурунда анын денесинен жаракаттар байкалып, анын 1985-жылы туулган жаран экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган каза болгон жарандын бир тууган эжеси кармалды. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөрүшүп, эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.