1-июлдан тарта медициналык кызматкерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

Бишкек, 01.07.2021 Sokol.media

Медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу  «Кактус.медиага»  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирген.

«Белгиленген тапшырманын негизинде  1-июлдан тарта ҮМБнун (ЦСМ) дарыгерлеринен башка бардык медициналык кызматкерлердин айлык акысы 40-50% га көтөрүлдү. Айдын аягында дарыгерлер базалык айлыктын жогорулашы менен жогорулатылган айлык алышат», — деп билдиришкен мекемеден.

Эске салсак, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлеринин баштапкы базалык айлыгын 100 пайызга көтөрүлгөнү айтылган. Бирок индикатор көрсөткүчү алынганына байланыштуу дарыгерлер мурдагыга караганда аз эмгек акы алып калганын айтышып нааразылыгын билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.