Журналист менен Чүйдөгү чиновниктин ортосундагы чыр: Окуянын чоо-жайы

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Кечээ, 29-июнь күнү өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев менен тележурналист Жоодар Бузумовдун ортосунда пикир келишпестик чыкты.

Маалым болгондой, окуя уюлдук телефон аркылуу видеого тартылып, социалдык тармакка тараган. Аймактык кабарчы журналист Жоодар Бузумовдон окуянын чоо-жайын сураштырды.

«Биз алдын ала губернатор менен интервьюга макулдашканбыз. Анткени Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүп берүүдөгү баш аламандыктар тууралуу атайын чыгарылыш даярдап жатканбыз. Ошол боюнча суроолорду берсем, жооптору жок же даяр эмес экен. Анан камераны өчүрүп коюуну суранды. Биз болсо жөтөлүп же оӊдонуп-түздөнгөнү жатса керек деп өчүргөнбүз. Анан эле сакчыларын чакырды. Ошондон кийин бир нерсени сездим дагы, телефонум аркылуу түз эфирге чыктым. Андан кийин видеодогу окуялар болуп кетти», — деди ал.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев да бул окуя боюнча маалымат берди.

«Пандемия учурунда буга учурашпай койгом. Ошого эле өчөшүп алгансып мага атайын кычык суроолорду бере баштады. Анан мен «токтот» деп, интервьюну токтотуп, «болду, мен интервью бербейм» десем эле, телефонун алып чыгып сүйлөп баштады. Анан балдар аны сыртка чыгарганда аларга «тийбей эле койгулачы» деп айттым.

Анын суроолору «100 күндө реформа жасаса болбойт беле, анан минтсеңиз кандай болот эле?» деген сыяктуу суроолор болчу. Ал бул суроолорду атайын кычыктанып берип жатканы билинип жатты. Курч суроо берген күндө деле жакшы ой менен берсе кантип эле интервьюну токтотоюн. Бул атайын провокацияга түрткөн суроолорду берип баштады. Мен жаман дагы, жакшы дагы сүйлөгөн жокмун. Жаш балага теӊелгим келген жок. «Токтот, интервью бербейм» деп эле айттым», — деди ал.

Булак: АКИpress

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.