Таласта 16 жаштагы кызды зордуктаган өгөй ата табыла элек

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

22-июнда Кара-Буура РИИБине Таласта 16 жаштагы кызды өгөй атасы зоруктагандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Шектүү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, аны издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти маалымат кызматынан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.